Өлкөдө маймыл чечеги боюнча кооптонууга негиз барбы? Министрликтин жообу

Дарыгер Кыргызстанда илдеттин бар-жогун текшере турган тест-система бардыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстанда маймыл чечеги боюнча кооптонууга негиз жок. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен Sputnik Кыргызстанга айтышты.
Санэпидкөзөмөл департаментинин инфекциялык, мите ооруларын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева түшүндүрмө берди.

"Маймыл чечеги негизинен Африканын Конго, Камерун, Нигерия, Түштүк Судан жана башка бир катар өлкөлөрүндө кездешет. Себеби ал жакта инфекцияларды ташып жүргөн маймылдар бар. Бул мамлекеттерде жашагандар аталган жаныбарлар менен дайыма аралашып жүргөндүктөн көбүрөөк оорушат", — деген Оторбаева.

Дарыгер Кыргызстанда аталган илдеттин бар-жогун текшере турган тест-система бардыгын кошумчалаган.
"Кокус инфекция чыгып калса деген шартта атайын буйруктун долбоору даярдалган. Былтыр ДССУдан тест-системаларды алганбыз. Бул өтө жакын байланыш болмоюн кишиден кишиге жукпайт", — деди эпидемиолог.
Эске салсак, маймыл чечегин жугузуп алгандар Швеция менен Пакистанда катталган.
Маймыл чечеги: Азияда кооптуу ооруну жуктурган биринчи учур катталды