Баткенде майып кызы менен баш калкалап жүргөн 90 жаштагы эне үйлүү болду

Апанын тагдырынан кабардар болгондо президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев үй курууну колго алган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Баткенде 54 жаштагы майып кызы менен ар кайсы үйдө баш калкалап жүргөн 90 жаштагы эне үйлүү болду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки ай мурда үйдүн курулушун Баткен облусунун жетекчилери колго алган.
"90 жаштагы Ташбүбү Абилова 54 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызы Тажигүл Абилова менен туруктуу жашаган жайы жок, айылдагы бош үйлөрдө баш калкалап келген. Эненин жашоо шарты тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жарыяланып, жергиликтүү бийликке да маалым болгон", — деп айтылат кабарда.
1 / 3

Баткенде 54 жаштагы майып кызы менен ар кайсы үйдө баш калкалап жүргөн 90 жаштагы эне үйлүү болду

2 / 3

Маалыматка ылайык, эки ай мурда үйдүн курулушун Баткен облусунун жетекчилери колго алган

3 / 3

Үй куруу үчүн Алты-Адыр айылынан 10 сотых жер тилке бөлүнүп, облустагы мекеме жетекчилеринин колдоосу менен үч бөлмөлүү бардык шарты бар үй курулган

Үй куруу үчүн Алты-Адыр айылынан 10 сотых жер тилке бөлүнүп, облустагы мекеме жетекчилеринин колдоосу менен үч бөлмөлүү бардык шарты бар үй курулган. Ошондой эле үйгө турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар алынган.
Баткендиктер үч балалуу жалгыз бой аялга үй салып беришти