Маймыл чечеги: Азияда кооптуу ооруну жуктурган биринчи учур катталды

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Пакистанда маймыл чечек оорусу катталды. Бул Азиядагы биринчи учур экенин Express Tribune жазган.
Инфекция Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринен жакында эле кайтып келген Мардан шаарынын тургунунан аныкталганын айтышты. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечек оорусу көп жайылгандыктан эл аралык масштабда алып, ал боюнча өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.
Маймыл чечеги — сейрек кездешүүчү жугуштуу вирустук инфекция. Ал бир адамдан экинчи адамга жугат. Бул илдет илешкенде баш, бел ооруп, адам чыйрыгып, шалдырайт. Көбүнчө бетке кызыл бүдүрлөр чыгып кетет.
Түркияда маймыл чечеги менен ооруган киши катталды