Кыргызстандын экспортунун дээрлик 40%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет

Алты айдын ичинде экспорттун жалпы көлөмү 1 миллиард 285,9 миллион долларды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандын экспортунун 37,4 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет. Бул тууралуу алты айдын жыйынтыгы менен Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бул мезгилде экспорттун жалпы көлөмү 1 миллиард 285,9 миллион долларды түзгөн. Анын ичинен 480,8 миллион доллары ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келди.
Россия — 291,4 миллион доллар (экспорттун 22,7 пайызы);
Казакстан — 178,3 миллион (13,9 пайызы);
Беларусь — 11 миллион (0,9 пайызы)
Армения — 128,4 миң.
Кыргызстандын ЕАЭБге кириши инвестицияны көбөйттү. График