Сентябрдын соңунан тарта өлкө аймактарына учактар каттай баштайт. Билет баасы

Буга чейин өлкө боюнча бир нече аэропорт реконструцияланып, жаңы эки учак сатып алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. 27-сентябрдан баштап аймактарга учактар каттай баштайт. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын, Талас, Каракол жана башка аймактарга Канадада чыгарылган Dash-8-400 учактары каттай баштайт.
"Билеттин баасы жеке компанияларга караганда арзан болот, авиакомпанияларга атаандаштык жаралат. Атаандаштык сапатка таасир этет, кызмат көрсөтүү жакшырат", — деп жазылган маалыматта.
Билдирүүдө билеттин баасы 2000 сомдон башталары белгиленген.
Эске салсак, былтыр сентябрда Dash-8-400 үлгүсүндөгү учак сатып алынганы кабарланган.
Ошондой эле өлкө боюнча аба майдандар реконструкцияланууда. Буга чейин Таластагысы ачылып, Нарын, Каракол, Казарман, Кербендегилери ишке берүүгө даяр турат. Учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Тамчыга каттамдар жүргүзүлүп келет.
"Каракол" аэропортунун курулушу күздө соңуна чыгат