Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү

Аталган борбор республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана бекемдөө максатында түзүлгөнү белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору (МЧИБ) түзүлдү.
Өкмөттүн токтомунда мындай чечим жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, аларды анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо максатында кабыл алынганы айтылган. Ошондой эле МЧИБ республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана бекемдөө максатында түзүлгөнү белгиленди.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу аталган борбор ЖМК жана интернетти мониторингдейт.
Маданият министрлиги МЧИБдин жайгашуусу үчүн кеңсе бөлүп берип, техникалык жана коммуникациялык тейлөөсүн камсыздашы керек.
Буга чейин бийлик социалдык тармактарды көзөмөлдөө борборун түзүүнү пландап жатканын билдирген.
Олимпиада оюндары — 2024
Ары же бери кылбасак болбойт. Байсалов жалган маалымат менен күрөшүүгө чакырды