Мындан тогуз жыл мурда, 2015-жылдын августунда, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген. ЕАЭБ түзүлгөндөн бир жылдан соң Кыргызстан уюмга бешинчи мүчө болуп кирди. Жакында эле президент Садыр Жапаров он жылдын ичинде ЕАЭБ стабилдүүлүк менен өз ара пайдалуу кызматташуунун үлгүсү болуп калганын, бул мүчө-өлкөлөрдөн башка мамлекеттерге да тиешелүү экенин айткан эле.
Биримдикке кошулуу Кыргызстанга кандай пайда алып келгенин экономист менен саясат таануучу түшүндүрүп берди.
Экономиканын тили менен
Экономикалык маселелер боюнча эксперт Нургүл Акимова ЕАЭБге кошулуу менен республиканын инвестициялык жагымдуулугу өстү деген пикирде. Биримдиктин 180 миллион кишилик рыногуна чыгууну каалаган мамлекеттер өнөр жайын барган сайын Кыргызстанга көбүрөөк жайгаштырууда. Буга жакында эле ишке берилген кыргыз-өзбек автозаводу далил.
"Эгер ЕАЭБге мүчө болбогон Өзбекстан даяр продукциясын Кыргызстанга же Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө чыгарса бажы алымдарын төлөмөк. Өзбек машиналарынын баасы да кыйла жогору болмок", — деди Акимова.
Кийинки багыт — ЕАЭБ тарабынан бизнести колдоо инструменттери. Уюмга мүчө мамлекеттердин ишкерлери тарабынан биргелешип иштелип чыккан кооперациялык долбоорлор бизнести кеңейтүү үчүн Евразиялык банктын жеңилдетилген насыяларына үмүт артууга жол ачты. Акимова бирикменин башка мамлекеттеринин рыногуна чыгуудагы тоскоолдуктар азайганын белгиледи.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногу — бул бирдиктүү экономикалык территория. Биз үчүн эл аралык соода болуп саналганы менен юридикалык жактан Кыргызстан өз аймагында соода-сатык кылып жатат", — деди эксперт.
Анын айтымында, товар жүгүртүү көлөмүнүн өсүшү да Кыргызстандын экономикалык биримдикке мүчөлүгү менен байланыштуу.
"Кытайдан 10 жыл мурун жана азыр канча товар алып жатканыбызды салыштырып көрсөк, үч эселик өсүштү көрөбүз. Эмнеликтен? Анткени биз буга чейин даяр продукцияны өзүбүз жана реэкспорт үчүн алып келчүбүз, азыр өзүбүзгө, мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн да алып жатабыз", — деди Акимова.
Ал Кытайдан даяр продукция эле эмес, комплектация үчүн да керектүү товарлар, мисалы, фурнитура келип жатканын белгиледи.
"Демек, республика өзү товар чыгарып жатат. Башкача айтканда, биз ортодогу звеного айландык, товар жеткирүүнүн бул чынжырчасынан кыргызстандыктар акча таап жатышат", — деди маектеш.
Эксперт муну менен бирге эле өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн деңгээли өскөнүнө, мазмуну жакшырганына токтолду.
"Геосаясий жана экономикалык каатчылыктын мезгилинде өнүгүү тууралуу сөз кыла турган болсок, ЕАЭБдин келечеги болгон, бар жана боло бермекчи. Мында маселе биздин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмүбүз, өнөр жай кубаттуулугубуздун бар-жогу маанилүү... Мамлекет да, эл да өзгөрүүлөрдүн шартында иштегенди билиши керек. Соода согушу дайыма жүрүп келген, биздин доор да мындан четте калбайт. Ушу тапта санкциялар иштеп жатат, эртең дагы башкасы кириши мүмкүн. Кыргызстан мыкты тажрыйба топтоодо, бирок башкысы — буга чейин ачылбаган мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырылышы", — деди Акимова.
Сандар
Ушул жылдын июнунда Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматы 10 жыл ичинде ЕАЭБде айыл чарба өндүрүшү 30 пайызга чукул өсүп, 136 миллиард долларга бааланганын билдирди. Өсүү экономиканын башка тармактарында да байкалууда.
Айыл чарба. 51 миллион тонна сүт өндүрүлүп, дээрлик 172 миллион тонна дан жана буурчак өсүмдүктөрү жыйналган. ЕАЭБ мамлекеттеринин өзүн-өзү тамак-аш менен камсыздоосу 93 пайызга жетти. Демек, азык-түлүк коопсуздугу мыкты корголгон.
Кыргызстан ички өндүрүштүн эсебинен сүт азыктары, жашылча жана картошка менен өзүнүн керектөөсүн жаап жатат. Республика эгин, эт, мөмө-жемиш менен жакшы камсыздалган. Биримдиктеги өлкөлөр биригип тоңдурулган балык, буудай жана зыгыр буласынын экспорту боюнча биринчи сапта, экинчи орунду буудай уну, күн карама майынын сатылышы ээлесе, арпа жана рапс өсүмдүгүнүн экспорту үчүнчү орунда турат
Соода жана каржы. Кыргызстандын ЕАЭБге интеграцияланышынын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев 2023-жылдын соңу менен мамлекеттик бюджет 392 миллиард сом киреше көргөнүн билдирген. Бул 2014-жылдагыга караганда 3,3 эсе көп көрсөткүч (анда 119 миллиард болчу).
Ушундай эле өсүү тышкы соодада да катталган. 2013-жылдан 2023-жылга чейин көлөм 2,8 эсеге өскөн, башкача айтканда, 5,6 миллиарддан 15,7 миллиард долларга чейин жогорулаган. Экспорт 2,2 эсеге, импорт 2,9 эсеге өскөн. Кыргызстандын бирикменин башка өлкөлөрү менен өз ара соодасы 2015-жылдан бери 1,8 эсеге жогорулап, 4,4 миллиард долларды түзгөн.
Жеке адамдардын которгон акчасы да көбөйдү: 2015-жылы 1,6 миллиард доллар болсо, 2023-жылы 2,7 миллиард деп катталган.
Инвестиция жана өнөр жайы. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду 2015-2022-жылдар аралыгында 480 миллион долларлык долбоорлорду каржылады.
Мындан тышкары, Кыргызстанда ЕАЭБдеги өнөр жай тармагына тийиштүү кооперациялык долбоорлорду каржылоонун жаңы механизми киргизилген. Бул республикага өнөр жай чынжырчасына кошулуп, биримдик алкагында өнөр жай кооперациясын ылдамдатууга жол ачат.
Бүгүнкү күндө 369 ата мекендик ишкана ЕАЭБдин реестрине киргизилген, башкача айтканда, булар товар өндүрүп, ветеринардык-санитардык көзөмөлгө алынган продукцияны мүчө мамлекеттерге сата алышат. Россия тараптын техникалык колдоосунун алкагында Кыргызстандын ичиндеги бажы өтмөктөрү менен лабораториялар эл аралык стандартка туураланды.
"Кыргызстан толугу менен ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуу системасына кирди, бул продукциянын коопсуздугун камсыздоо жаатында оң натыйжа берди. Ишкерлер биримдиктин шартына ыңгайлашты", — деди Малаев.
Миграция
ЕАЭБдин Кыргызстан үчүн башкы артыкчылыгы адам ресурсунун ары-бери эркин жылуусу болду, миграция жеңилдеп, мигранттардын эмгек жана социалдык укуктары теңелди. Бүгүнкү күндө миллиондон ашуун кыргызстандык ЕАЭБ мамлекеттеринде, көбүнчө Россияда иштеп келишет. Мекендештер социалдык, медициналык жана пенсия жаатында бир катар жеңилдиктерди колдонушууда. Буга кошумча, эми иштөө үчүн уруксат берүүчү документтер талап кылынбайт, андан дагы мамлекеттер бири-биринин дипломун тааный башташты.
Мунун баары которулган акчанын көлөмүнүн жогорулашын шарттап келет.
Россиядагы миграциялык мыйзамдардын катаалдашынын ЕАЭБ жарандарына тиешеси болгон жок. Алсак, июлдун аягында Мамлекеттик Думага мигранттардын агымын азайта турган мыйзамдардын долбоору киргизилди. Кийинчерээк ЕЭКтен маалымдашкандай, каралып жаткан өзгөрүүлөр биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандарына таасирин тийгизбейт.
Саясат таануучунун көз карашы
Саясат таануучу Алина Молдокеева Кыргызстан ири транспорттук артериялардан алыс жайгашып, деңизге чыга албай турганын эске салды.
"Мындай жагдай ички экономикадагы жетишкендиктерге карабай өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн чектеп турат. Интеграциялык бирикмелердин катарында гана Кыргызстан башка мамлекеттер менен чогуу тоскоолдуктарды жое алат", — деди экперт.
Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин Россия өнөктөштөн ири инвесторго (евразиялык форматта) айланган.
"Биримдикке мүчө болуп киргенден бери өнүктүрүү фонду үчүн эле Россия жарым миллиард доллардын тегерегинде акча бөлдү. РКӨФ экономикабызды жаңылап, көрсөткүчтөрүбүздү ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнүкүнө теңөө үчүн түзүлгөн", — деди Молдокеева.
Ал акыркы бир нече жыл ичинде кирешеден чыгаша көп болгон мезгилден өткөнүбүздү белгиледи.
"2022-жылы республика ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнө алардан алган көлөмгө салыштырмалуу бажы алымдарын көбүрөөк суммада которгон. Башкача айтканда, Кыргызстан дотациядагы мамлекеттен биримдиктин өнүгүүсү үчүн башкалардай эле салым кошо алган толук кандуу мүчөгө айланып бара жатат", — деди саясат таануучу.
Молдокеева Кыргызстан үчүн акыркы беш жыл ички жана тышкы факторлордон улам татаал мезгил болгонун да белгиледи.
"Биринчиси — дүйнө жүзү тушуккан пандемия. Бардык логистика бузулуп, иш токтоп калды. Анткен менен бул мезгилде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү жогорулап, пандемиядан кийинки 2023-жылы экономиканын өсүү темпи 4 пайызды түздү. Бул жалпы ЕАЭБдегиден эки эсе көп көлөм", — деди эксперт.
Өлкө экономикасынын өсүүсүн камсыздаган негизги тармактардын бири алтын казуу жана аны сыртка сатуу болуп эсептелет. Экинчи кирешелүү тармак — тигүү өнөр жайы.
ЕАЭБдин келечеги тууралуу сүйлөп жатып, Молдокеева бирикме жаңы мүчөлөрдүн эсебинен кеңейе берерине ишеним артты.
"Экономикалык бирикме геосаясий уюмдун деңгээлине көтөрүлүүдө. Ошол эле Евробиримдикте банктар, структуралар, валюта, мыйзамдар бирдиктүү иштеп келет. ЕАЭБде ЕЭК, Евразиялык өнүктүрүү банкы бар, бирок булар азырынча ар бир мамлекет боюнча өзүнчө иш жүргүзөт. Анткен менен бирдиктүү валюта тууралуу бир нече ирет айтылды. Бирикмеге мүчө мамлекеттердин кызматташуусу барган сайын бекемдеп, кыялдар ишке аша баштады", — деп сөзүн жыйынтыктады саясат таануучу.
Демек...
Артка кылчайып, ЕАЭБге кошулган тогуз жыл ичинде Кыргызстан экономикасын турукташтырып эле тим болбостон, өсүүгө бет алды десек болот. Мындан тышкары, интеграция республикага азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жана энергоресурс жеткирүү маселелерин жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берди. Мунун баары калктын жашоо-турмушуна оң таасирин тийгизүүдө.
Демек, интеграциялык процесстерди улантуу менен Кыргызстан позициясын бекемдеп, Борбор Азиядагы өнүккөн мамлекеттин бири боло алат.