13-августка карата аба ырайы

13-августка караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Шейшембиде тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл жергесинде +24…+29, Нарын өрөөнүндө +25...+30 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36...+38 градус болсо, ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градус жылуу болот.
Ысык-Көл облусундагы сел 17 турак үйдү каптап, көпүрөнү агызып кетти