Олимпиада оюндары — 2024

Париж-2024: жөө күлүк Трофимова Кыргызстандын рекордун жаңылады

Ал 91 жеңил атлеттин ичинен 14-орунду камсыздады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандын атынан Олимпиадага барган жеңил атлет Сардана Трофимова Париждеги аялдар марафонунда 91 жөө күлүктүн ичинен 14үнчү болуп келди.
Спортчулар Париж шаарын айланып 42 чакырым 195 метрге чуркашты. Трофимова марага 2 саат 26 мин 47 секундада жетти. Ошентип ал Кыргызстандын улуттук рекордун жаңылады.
Трофимова марафондо 27-чакырымга чейин алдыга озгондордун арасында келди, бир нече ирет лидерлердин арасынан суурулуп да чыкты. Жөө күлүктөр ичинен чемпиондукту нидерландылык спортчу Сифан Хассан алды. Трофимова менен анын аралыкты чуркап өтүүдөгү айырмасы 3 мүнөт 52 секунданы түздү.
Трофимова марафон боюнча Россиянын беш жолку чемпиону болгон. 2022-жылдын август айында расмий түрдө Кыргызстандын курама командасына өткөн.
Олимпиада оюндары — 2024
Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын күмүшүн тагынып, тарых жаратты!