Олимпиада оюндары — 2024

Парижден спортчулар эмне менен келе жатат, жеңгендерге канча сомдон каралды. Тизме

Париждеги Олимпиада оюндарына Кыргызстан 16 спортчусун аттандырса, алардын ичинен алтоо байгелүү орундарга илинди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар XXXIII жайкы Олимпиададан эки күмүш жана төрт коло медаль менен кайтып келе жатат. Ал эми бийлик күмүш алгандарга 10 миллион, коло медаль уткандарга 7 миллион сомдон берерин президенттик администрациядан айтышты.
XXXIII жайкы Олимпиададан төмөнкүдөй "олжо" бар :
күмүш медаль — Мээрим Жуманазарова (эркин күрөш), Мунарбек Сейитбек уулу (бокс).
коло медаль — Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш).
Париждеги Олимпиада оюндарына Кыргызстан 16 спортчусун аттандырса, алардын ичинен алтоо байге менен келе жатат. Команда жана медалдардын саны боюнча натыйжалуулугун эсептей келгенде республика 68-орунда.
Президенттик администрациядан машыктыруучулар менен Олимпиадага коштоп кеткен медиктерге да сыйлыктар каралганын айтышты.
Ошентип бүгүн "Стад де Франс" стадионунда XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын жабылышы болот. Ал 27-июлда ачылган эле.
Атлеттердин парадында кыргызстандыктар да басып, мамлекеттик желекти Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова көтөрүп өтөт.
Олимпиада оюндары — 2024
"Сөөктү агарттың". Жапаров Мунар Сейитбек уулун куттуктады. Видео