Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиаданын соңку күнүндө кыргызстандык эки спортчу намыс талашат. Жадыбал

Бүгүн Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада соңуна чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бүгүн Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар Сардана Трофимова менен Айпери Медет кызы күч сынашат.
Трофимова саат 12:00дө баштала турган марафондо чуркайт.
Айпери Медет кызы коло медаль алуу үчүн күрөшмөкчү, азырынча анын атаандашы белгисиз. Беттештер саат 15:00дө башталат.
Ал эми Эрназар Акматалиев коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Себеби аны жеңип алган венгриялык Исмаил Мусукаев жарым финалда утулуп калды.
Ошону менен бүгүн Париждеги Олимпиада аяктайт.
Олимпиада оюндары — 2024
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова коло медаль утуп алды