Олимпиада оюндары — 2024

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова коло медаль утуп алды

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргыз спортунун легендасы Айсулуу Тыныбекова коло үчүн беттеште монголиялык атлет Оркхон Пуревдоржду 6:6 эсеби менен утуп, олжолуу болду.
Балбан кыз жеңишти акыркы секундаларда атаандашынан сууруп алды. 0:6 эсеби менен утулуп жаткан Тыныбекова алгач эки, андан соң төрт упайлык ыкма жасап жеңишке жетти.
Бул — кыргызстандык спортчунун экинчи олимпиадалык медалы. Буга чейинки Токио Олимпиадасында күмүш медаль алып, кыргызстандыктарды кубанычка бөлөгөн.
Олимпиада оюндары — 2024
Айпери Медет кызы Олимпиаданын коло медалы үчүн күч сынашат