Айаал Лазарев коло үчүн беттеште утулуп, Парижден карьерасын жыйынтыктады

Спортчу 38 жашта, 14 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Париж Олимпиадасында эркин күрөш боюнча оор салмактагы балбан Айаал Лазарев коло медаль үчүн беттеште түркиялык спортчу Тах Акгүлгө 0:7 эсебинде утулуп калды.
Кыргызстандык балбан 1/8 бөлүктө ирандык спортчу Хоссейн Зареге жеңилген. Атаандашы финалга чыккандыктан Лазарев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Жубатуучу беттеште канадалык атлетти утуп алган болчу.
38 жаштагы Лазарев беттеш бүткөндөн кийин бут кийимин чечип, спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирди. Коло байгенин ээси 33 жаштагы Тах Акгүл да расмисин жасап, мындан ары килемге чыкпай турган болду.
Эскерте кетсек, Якутияда төрөлгөн Айаал Лазарев 14 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келет.
Олимпиада оюндары — 2024
Айпери Медет кызы Олимпиаданын коло медалы үчүн күч сынашат