БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 16-августтан 20-августка чейин Чолпон-Ата шаарында билим саммити өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара биринчи жолу август иш-чараларынын алкагында өткөрүлөрү айтылды.
Саммиттин биринчи күнүндө Казакстан балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына камтуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.
Ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдар үчүн ваучердик каржылоону киргизүү боюнча талкуу болору кошумчаланды.