Украина НАТОнун планын сынап жатат. Батышта Курск стратегиясы тууралуу айтылды

НАТОнун Европада согуш чыкса колдонула турган планын Украинанын Куралдуу күчтөрү сыноодон өткөрүп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Түндүк атлантикалык альянс Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагындагы стратегиясын (НАТО) иштеп чыккан. Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин мурдагы жардамчысы Стивен Брайанга шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Анын айтымында, альянстын Европада согуш чыкса колдонула турган планын Украинанын Куралдуу күчтөрү сыноодон өткөрүүдө.
"Курск аймагында украиндер көрсөткөн стратегия жана тактика НАТО тарабынан иштелип чыккан", — деген Брайан.
Эске салсак, 6-август таңга маал Украин аскерлери Курск облусунун аймагына чейин кирип келишкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов алардын жылышы токтотулганын президентке кабарлаган. 10-августта Россиянын Белгород, Курск жана Брянск облустарында террорчулукка каршы операция режими киргизилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина АКШдан ATACMS менен РФ авиабазаларына сокку урууга уруксат сурап жатат