Олимпиада оюндары — 2024

Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөшө турган болду

Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Айаал Лазарев Олимпиаданын коло байгеси үчүн түркиялык Таха Акгүл менен күч сынашат.
Кыргыз балбаны эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта жубатуучу беттеште Канаданын спортчусу Амарвир Десинин далысын килемге тийгизип, таза жеңишти камсыздады.
Ал 1/8 финалда ирандык Амир Хоссейн Зареге жеңилип калган. Бирок ал финалга чыгып, Лазаревге жубатуучу беттеш өткөрүүгө мүмкүндүк берди.
Олимпиада — 2024: бүгүн беш спортчу өлкө намысын коргойт