Бразилияда учак кулап, ичиндеги 50дөн ашык киши мерт болду. Видео

Каргашадан улам Бразилия президенти Луис Инасиу да Силва өлкөгө үч күндүк аза күтүү жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бразилияда жүргүнчү ташыган учак кулаганын РИА Новости G1 порталына шилтеме берип кабарлады.
Билдирмеге караганда, учакта 58 киши жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Тилекке каршы, эч ким аман калган эмес.
Парана штатынан Сан-Паулуну көздөй бараткан учак Виньеду шаарынын калктуу конушуна кулаган. Бирок жердегилерден эч ким жабыркаган жок. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.
Каргашадан улам Бразилия президенти Луис Инасиу да Силва өлкөгө үч күндүк аза күтүү жарыялады.
Ирандын президенти түшкөн тик учактын кулашынын себеби айтылды