Олимпиада оюндары — 2024

Айпери Медет кызы Олимпиаданын коло медалы үчүн күч сынашат

Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы жарым финалдык беттеште утулуп, эми коло медаль үчүн күрөшмөй болду.
Спортчу америкалык атлет Алексис Кеннеди Блейдстен 6:8 эсеби менен утулуп калган.
Кыргызстандык балбан 1/8 бөлүктө кытайлык Ван Цзюанды 4:1 эсеби менен, чейрек финалда индиялык Ритиканы 1:1 эсеби менен утуп, жарым финалга чыккан эле.
Олимпиада оюндары — 2024
Олимпиада — 2024: Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде жеңишти алдырып койду