Радио

Абамуслимова: тамакка уулангандар ооруканага кеч кайрылып жатышат

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Назгүл Абамуслимова ысыкта тамак-аштан уулануу учурлары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Тамак-аштан уулануу жайдын аптаптуу күндөрүндө көп катталат. Акыркы жарым жылда 111 учур болуп, жабыркагандардын саны 293кө жеткен. Бул тууралуу Назгүл Абамуслимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 53 учур (158 адам) коомдук тамактануучу жайда катталган.
"Өткөн жумада эле массалык түрдө тамак-аштан ууланган эки учур болду. Биринчисинде Ош облусунда таттуу токоч чыгаруучу цехтен токоч алгандардын арасынан 16 адам жабыркаган. Булар — расмий кайрылгандар. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында уулангандардан cтафилококк козгогучу аныкталды. Экинчисинде борбордогу ресторандардын биринде массалык уулануу болуп, 13 адам ооруканага кайрылган. Анын бешөө Бишкек шаарынан, сегизи Талас облусунан экен. Учурда лабораториялык изилдөө иши жүрүүдө. Өкүнүчтүүсү, ушундай учурларда жабырлануучулар дарыгерге кечирээк кайрылып, уулануунун себептерин аныктоо оор болуп калат. Кээ бирлер ууланса деле оорунун клиникалык белгилери байкалбайт. Муну менен катар эле жайкысын алыс жакка кудага же конокко барып, алган кешиктери жолдо бузулуп, ушундан уулангандар да кездешет. Ошондой эле тамак жасоо учурунда да жеке гигиенаны сактоо керек. Айрымдар дааратканага барып келгенден кийин колун жуубай ашканага аралашып же чийки эт туураган тактайга ошол эле бычак менен салат туурашы ыктымал. Ушунун баары таза, туура тамактанууга кедергисин тийгизет. Тамак-ашка ар кандай оорунун козгогучтары түшүп калышы ыктымал. Азыктарды өз убактысы менен бышыруу керек. Антпесе бактериялар өлбөй калат. Негизинен коомдук тамактануучу жайларда шарттар жакшы болсо эки жылда бир жолу гана текшеребиз. Тамактануучу жайлардын ээлери, базарлар жайгашкан райондун жетекчилери калктын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти сезсе жакшы болот эле", — деди Абамуслимова.
Ал коомдук тамактануучу жайлар атайын жобонун негизинде жылына бир-эки гана жолу текшериле турганын кошумчалады.