Олимпиада оюндары — 2024

Ары же бери кылбасак болбойт. Байсалов жалган маалымат менен күрөшүүгө чакырды

Минкаб төрагасынын орун басары кимдир бирөөлөр Бишкектин муз сарайындагы балбандардын жерге отуруп тамактанып жаткан мурдагы видеосу менен бөлүшүп, элди дүрбөлөңгө салганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Эл болобуз, бакубат жашоо, гүлдөгөн мамлекет курабыз десек социалдык тармактагы атайылап жалган маалымат таратып, негатив коомдук пикир түзгөндөрдү ары же бери кылбасак болбой калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы кайрылуусунда жазды.
Минкаб төрагасынын орун басары кимдир бирөөлөр Бишкектин муз сарайындагы балбандардын жерге отуруп тамактанып жаткан мурдагы видеосу менен бөлүшүп, элди дүрбөлөңгө салганын айткан.
"Олимпиадада болуп көрбөгөндөй ийгиликтер болуп, эл кубанып, кубанычы койнуна батпай жатса бир ууч топ бузукулугун кылып, жанагыдай фейктерди таратып, маанайды тескери бургандары чыккынчылык эмей эмне? Ушундай күндөрү айрымдар жалган фейк видеолорду, сөздөрдү таратып, улуттун биримдигине доо кетиргендерин биз качанкыга чейин "сөз эркиндиги" деп көрүшүбүз керек. Улутубуздун маанайын бузуп, жалганды таратуу жөн эле ээн ооздук эмес. "Разжигание розни" деген Кылмыш-жаза кодексиндеги эски статьяны кайра карап чыгууга убакыт келип жетти. Жетишет! Мындай өзүнүн ички дартын коомго жайгандарды жайына койбошубуз керек", — деген Байсалов.
Ал атайын фейк тараткандар менен катар билип-билбей жалган маалымат тараткандарга дагы жоопкерчилик киргизиле турганын белгилеген.
Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети мыйзам долбоорун демилгелеп, анда жалган маалыматтарды таратуу үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салууну сунуштаган.
Олимпиада оюндары — 2024
Садыр Жапаров: бул Олимпиада кийинкиге кандай даярдык көрүү керектигин көрсөттү