Олимпиада оюндары — 2024

Акжол Махмудовго алтын алууга эмне тоскоол болгону тууралуу суроо узатылды

Спортчу турнир бүткөндөн кийин машыктыруучулар менен бирге талдай турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Акжол Махмудов Олимпиада оюндарындагы жыйынтыгы боюнча комментарий берген видео социалдык тармактарга тарады.
Эске салсак, Акжол Махмудов Париждеги Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, коло байге уткан.
Журналист олимпиадалык шаарчада бараткан балбандан алтын медалга жетпей калганына эмне тоскоолдук болгонун сураган.
"Чынын айтсам, азыр анализ кылгым келбей турат. Турнир бүткөндөн кийин машыктыруучулар менен бирге көрөбүз. Албетте, айрым учурлар болду. Бул — спорт, бирде утасың, бирде утуласың. Кандай болгон күндө дагы учурдагы бар нерсеге шүгүрчүлүк кылыш керек", — деген Махмудов.
Ошондой эле ал Лос-Анжелесте алтынды бутага алып турсаң керек деген суроого да жооп берген.
"Буюрса, ошондой болот деп үмүт кылып турам", — деген балбан.
Олимпиада оюндары — 2024
Садыр Жапаров: бул Олимпиада кийинкиге кандай даярдык көрүү керектигин көрсөттү