Нутрициолог зыян делген эртең мененки тамактарды атады

Дарыгердин айтымында, жүгөрү, буудай, күрүч жана бат даярдалуучу ботколордун пайдасынан зыяны көп.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Эртең мененки айрым тамактар кандагы глюкозаны көбөйтүп, түрдүү ооруларга себепкер болушу мүмкүн. Бул тууралуу нутрициолог Мария Сирош "Известия" басылмасына билдирди.
"Мага кант диабети, кан басымы, холестерин жана ашыкча салмак менен жабыркаган бейтаптар көп келет. Сураштыра келсең, көбү эртең менен туура эмес тамактангандар экени аныкталат. Айрым тамактар, өзгөчө ботколор кандагы глюкозаны көбөйтүп, ооруларга кептейт", — деп түшүндүрдү адис.
Сироштун айтымында, жүгөрү, буудай, күрүч жана бат даярдалуучу ботколордун пайдасынан зыяны көп. Алар курсакты бат ачырып, күн бою таттууну эңсетет.
Мындан тышкары, күндү картошка, нан, таттуу йогурт менен баштоо да туура эместиги айтылган. Бул азыктар дагы глюкозаны көтөрүп жиберет.
"Эртең менен пайдалуу май жебей койгон да туура эмес. Ал өттү иштетип турат. Ошондой эле такыр тамактанбай ачка жүргөн да болбойт. Ал дагы өттүн ишин үзгүлтүккө учуратат. Мындан тышкары, эртең менен мөмө-жемиш менен чектелбеңиз, ал дагы глюкоза. Аларды тоюмдуу тамактан соң жеген оң", — билдирген нутрициолог.
Адис чачтын көп түшүшүнүн себептерин түшүндүрдү