Күнгө күйүүдө эмнелерди эске алыш керек? Кандай оорусу барларга кактанууга болбойт?

Sputnik
Ушул күндөрү жайкы аптаптын күчөп турган маалы. Күн нуру териден, чачтан, көздөн баштап ички органдарга чейин оң же терс таасирин берет. Айрымдар ден-соолук үчүн күнгө кактанам десе дагы бирлери сулуулук үчүн кызгылтым тартып күйөм деп убара. Бирок адистер күнгө күйүүнүн эрежелери, убактары болорун айтып келишет. Күндөн коргоочу кремдерди колдонууну унутпоо керек. Ал эми кош бойлууларга күнгө күйүү сунушталбайт. Ошол эле учурда кан басым, диабет, кургак учук, богок жана невроз оорусу менен жабыркагандарга болбойт.
Күнгө күйүнүн зыяны жана пайдалары тууралуу №2 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу Чынара Иманкожоева айтып берди.