Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Каракол шаарларында 11 миң 300 батир курулууда. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматында айтылат. Ага ылайык, турак жайдын жалпы аянты 700 миң чарчы метр, баасы 36 миллиард сомду түзөт. "2021-жылдан баштап мамлекеттик турак жай программасы колдоого алынды. 2021-жылдын августунан 2022-жылдын аягына чейин банктар аркылуу мамлекеттик ипотекага бюджеттен 4,5 миллиард сом бөлүнгөн. 2023-жылдан баштап ипотекалык кредиттерди берүү, турак жай курулушун каржылоо колго алынды", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле алар турак жайды каржылоо механизмдери аркылуу берилерин кошумчалашты.
Кыргызстанда сүт продукциялары менен сүт кошулган товарлар эки башка текчеге коюлуп сатыла баштайт. Тиешелүү токтом долбоорун Айыл чарба министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, соода түйүндөрү сүт жана курамында сүтү бар азыктарды эки башка текчеге коюуга милдеттендирилет. Сүт өндүрүүчүлөр биримдиги токтом долбоору элдин табигый сүт азыктарын консервант жана трансмайлар кошулган продукциядан айырмалай билүүсүн шарттай турганын айткан. Мисалга, Кыргызстандан сүт сатып алган Россияда эки текче эрежеси 2019-жылдан бери иштейт.
Бишкек мэриясы бир ай бою ордо калаада ачык асман алдында музыкалык кечелер уюштуруларын маалымдап, убакыт-саатын айтты. Музыкалык кечелер жума күндөрү кечки саат 19:00дө башталат. Өтө турган жерлер: 8-август куну Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестринин жана "Доор" фольклордук ансамблинин концерти Ынтымак-2 паркында отот. 16-августта "Семетей" ыр, бий ансамбли, жана "Сувенир" ыр, бий ансамблинин концерти болот. Алар Уркуя Салиева атындагы аянтта таланттарын тартуулашат. 23-август куну Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестри жана "Кыргыз руху" эстрадалык-фольклордук ансамблинин концерти болот. Ал Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аллеяда орун алат.
Россиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Украина армиясынын Курск облусуна чабуул коюшу боюнча Sputnik радиосуна комментарий берип жатып, кеп жай жарандарга карата жасалган террордук акт туурасында жүрүп жатканын айтты. "Сөз кезектеги террордук акт жөнүндө болуп жатканын эске сала кетейин. Ал жай жарандарга каршы жасалды", — деген расмий өкүл. Захарова тартип сактоо органдары буга өзүнүн баасын берерин айтты. 6-августта Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск облусунун аймагына кирип келүүгө аракет кылган. Россиянын Коргоо министрлиги 300гө чукул украин аскерлери 11 танк жана 20га чукул сооттолгон аскердик техника менен Россиянын чектериндеги эл жашаган Николаево-Дарьино жана Олешняга хуторуна чабуул койгон. Аталган облустун губернатору Алексей Смирнов россиялык чек арачылар Украина тараптын 16 атайын техникасын жок кылганын билдирген.