Бишкектеги балдар ооруканасы ординаторлорду жумушка чакырат

Талапкерлердин документтери 20-августка чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору ординаторлорду жумушка чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Талапка ылайык, жаш адистер педиатрия, неонатология жана балдар хирургиясы менен неврологиясы, реанимация жана анестезиология, гинекология жана акушердик бөлүмдөргө жумушка алынат.
Документтер 20-августка чейин кабыл алынат.
Сурап-билүү номери: 0700 983000.
Радио
Министрлик эмнеге айрым гана медиктердин айлыгы көтөрүлгөнүн түшүндүрдү