ЖМК жана интернетте адамды кемсинтип, жалаа жапкандарды жазалоо сунушталууда

Соңку учурларда интернет-платформаларда жалган маалымат таратып, бирөөнү кемсинтүү көбөйгөнү белгиленди. Мындан улам аларга айып салуу сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Адамды кемсинтип, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргендерди жоопко тартуу каралууда. Министрлер кабинети демилгелеген тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.
"Маалымат каражаттары, интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйүүдө. Бул коомдук адеп-ахлакка жана адамдардын ортосундагы мамилелерге коркунуч жаратат. Азыркы мыйзам боюнча, күнөөнү далилдөө татаал жана юридикалык ченемдердин ар кандай чечмеленишинен улам көптөр жазасыз калууда. Бул өз кезегинде чыр-чатактардын күчөшүнө, адамдар аралык мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.
Мындан улам Укук бузуулар жөнүндө кодекси 1071-берене (ЖМК, интернет-сайтта же анын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо) менен толукталганы айтылат.
Ага ылайык:
ЖМКларда, интернет-сайттарда же соцтармактагы баракчаларда камтылган мазактоо, башкача айтканда, адамдын ар-намысын, кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүү, жалаа жабуу, беделин түшүргөн жалган маалыматтарды билип туруп таратуу үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталууда;
Мыйзам долбоорунда ЖМК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги) укук бузуулар жөнүндө иштерди карап, жаза чараларын көрөрү камтылган.
Аталган мыйзам долбоорун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги апрелде коомдук талкууга чыгарган. Бирок анда айыптар ЖМКда, интернетте бирөөнү кемсинтип, кадыр-баркын тепсеген жеке жактарга 7 500, юридикалык жактарга 23 миң сом деп каралган. Ал эми жалаа жаап, ар намысына шек келтирген жеке жактарга 10 миң, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салуу сунушталган.
Садыр Жапаров ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун кайтарып алууну тапшырды