Мэрия Байтик баатыр көчөсүн оңдоого кеткен каражаттын суммасын айтты

Подряддык уюм келишимге ылайык асфальттын сапатына үч жылдык кепилдик берери белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсүн оңдоо иштеринин сметасы 483 миллион 916 миң сом болсо жыйынтыгында 70 миллион үнөмдөлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Эске салсак, бул көчө толук оңдолгондон кийин 4-августта ачылган.
"Капиталдык оңдоо 26-майда башталып, коюлган графиктен бир ай эрте аяктады. Реабилитация боюнча долбоордун бекитилген титулдук тизмедеги баасы 509 миллион 901 миң сомду түзгөн. Тендерден кийинки смета 483 миллион 916 миң сом менен бекип, 25 миллион 984 миң сом үнөмдөлгөн. Капиталдык оңдоодон кийин дагы 70 миллион сомдой сарамжал болду", — деп айтылат маалыматта.
Подряддык уюм келишимге ылайык асфальттын сапатына үч жылдык кепилдик берет. Бул учурда жол тилкеси чөгүп, жарылып же сырттан кандайдыр бир кийлигишүү болбостон сапатын жоготсо подряддык уюм өз чөнтөгүнөн калыбына келтире турганы айтылды.
Оңдолгон жолдордо кемчилик байкасаңыздар төмөнкү номерлерге билдирсеңиздер болот:
Октябрь району — (0708) 83-83-23, (0312) 53-03-15 (Осмоналиев Азамат);
Ленин району — (0555) 31-21-85, (0312) 53-03-15 (Шаршамбеков Кубаныч);
Биринчи май району — (0500) 50-02-57, (0312) 53-03-15 (Мамыр уулу Бакберген);
Свердлов району — (0707) 65-17-17, (0312) 53-03-15 (Борубаев Талант).
Жолу жасалган Байтик баатыр көчөсүнүн дрондон тартылган видеосу