ЖМК: Израиль Иранга алдын ала чабуул коюуну карап жатат

Израиль аткаминерлеринин айтымында, еврей мамлекети менен ал жердеги америкалык аскердик күчтөрдүн согуштук дарамети "туу чокусуна" жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг.— Sputnik. Израиль бийлиги Ирандын күтүлүп жаткан чабуулуна жооп кылууну, анын ичинде кооптуу жерлерге алдын ала сокку уруу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат. Бул туурасында РИА Новости Ynet порталына шилтеме кылып жазды.
"Премьер-министр жана анын аткаминерлери коопсуздук тармагын карап, алдын ала чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн биринчи ирет талкуулашты", — деп айтылган маалыматта.
Анткен менен портал мындай кадам жасаш үчүн АКШ менен Израилдин колунда чалгын берген план, анын ичинде Ирандын чабуулуу тууралуу маалыматтар болушу зарылдыгын белгилеген.
Израилдин аткаминерлеринин айтымында, еврей мамлекети менен ал жердеги америкалык аскердик күчтөрдүн согуштук дарамети "туу чокусуна" жетти.
Эске салсак, 2024-жылдын 31-июлуна караган түнү Палестинадагы ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны Тегеран шаарында жок кылышкан. Бул мамлекетке аталган лидер Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышуу үчүн келген эле. Тегеран бийлиги анын өмүрүн кыюу кадамы Ханиянын Ирандагы резиденциясында жасалгандыгын, аны менен кошо бир жан сакчысы каза тапканын билдирген. ХАМАС анын өлтүрүлүшүн Израиль менен АКШга артып, бул жоопсуз калбай тургандыгын эскерткен.
Анда мурдараак Бейрутка (Ливан) жасалган чабуулдан кийин "Хезболла" кыймылынын жогорку командирлеринин бири Фуад Шукр каза тапкан. Аталган кыймылдын лидери Хасан Насралла эми алар Израиль менен башкача кармашарына убада берген.
Израилдиктер Хания боюнча унчукпаганы менен Шукрга кол салгандыктарын айтышкан. Израиль армиясы аларды Голан дөңсөөсүн аткылоого, анда көз жумган 12 баланын өлүмүнө жооптуу деп эсептээрин билдиришкен.
New York Times берген маалыматка караганда, Хания өлтүрүлгөндөн кийин Ирандын руханий лидери Али Хаменеи Израилге түз сокку урууга буйрук берген. Ислам ыңкылабынын коргоочулары Ханиянын кыйылган өмүрү үчүн "катаал жаза" болорун айтышкан. NBC News телеканалы атын атагысы келбеген аткаминерге таянып, еврей мамлекети Иран менен "Хезболланын" бир топ күндүк чабуулуна даярданып жатканын билдиргенин кабарлаган.
ЖМК: Блинкен Ирандын Израилге качан чабуул жасай турганын боолголоду