Радио

Өмүрзаков: муниципалитеттер реформадан кийин келишим негизде кызматкер ала алат

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков админстративдик-аймактык реформанын негизинде айыл өкмөттөрүнө ветеринар штаты ачыларын айтты.
Sputnik
Админстративдик-аймактык реформанын негизинде муниципалдык кызматкерлер республика боюнча 48 пайызга кыскарат. Бирок муктаждык жаралган айыл өкмөттөрү кызматкерлерди келишимдик негизде ала алышат. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айлык маянасы мурда канча болсо, ошол бойдон сакталат.

"Аймактык-территориялык реформанын негизинде муниципалдык кызматкерлер 48 пайызга кыскарат. Ага ылайык, калкынын саны 10 000ге чейин болгон айыл өкмөттөрүндө тогуз кызматкер, 10 000ден 25 000ге чейин болсо 11 муниципалдык штат, 25 000ден көп тургуну бар айыл өкмөттө 13 кызматкер иштейт. Мындан сырткары, 10 000ге чейинки калкы бар айыл өкмөттөрү — төрт, 10 000ден ашса — алты, ал эми 25 000ден көп адам жашаган айыл өкмөттөрү сегиз кызматкерди келишим негизде ала алат. Булардын муниципалдык кызматкерлердей статусу жок болгону менен айлык акылары мурдагыдай эле сакталат. Кошумча төлөмдөрү же болбосо ар кандай социалдык пакеттери алып салынбайт. Мисалга ала турган болсок, айыл башчылары мурда 28 900 сом маяна алып келген болсо, ошол бойдон эле калат. Учурда 1304 айыл башчыдан, 1014 болуп кыскарды. Эми айыл өкмөттөргө зарыл болгон гана айылдарга келишимдик негизде башчы алып, муктаждык жок болсо албай эле коюуну сунуштап жатабыз. Ошондой эле айыл өкмөттөрүнө жер ресурстары жана өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча адис жана ветеринардык штаттар ачылат. Бирок ветеринар десе ал эл кыдырып малга дары сайбайт, ошол айыл өкмөттөгү ветеринардык саясатты жүргүзөт", — деди Өмүрзаков.

Ал айыл өкмөттөр аткарган иштер үчүн да кызматкерлер алынарын, алардын маянасы республикалык бюджеттен төлөнөрүн кошумчалады.