Мээ кайнаткан ысык кайтабы? Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Синоптиктер келе жаткан аптага, тагыраагы, 10-августка чейинки аба ырайынын божомолу менен бөлүштү.
Анда күндүн ысыгы Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында 36-38 градуска жетет.

Чүй, Талас облустары

Жума ичинде аймактарда күн ачык болору божомолдонду. Тоолуу аймактарда күн күнкүрөп, өткүн өтөрү айтылды. Мындан Чүйдө 6-августта, Таласта 10-августта күндүз айрым жерлерде жамгыр себелейт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-августта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандары

Түштүк аймактарда апта ичинде жаан-чачын болбойт. Синоптиктер 6-августта жана 10-августта кээ бир жерлерде өткүн өтөрүн билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-августта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын аймактары

Облустарда апта ичи жаан-чачындуу болот. Көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп турат. Нарында 8-августта күн ачык болорун айтышты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-августта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Ысыктан кантип сактанабыз? Министрлик кыргызстандыктарга кеңеш берди