Жергиликтүү кеңештин шайлоосундагы босого чек беш пайызга төмөндөтүлдү

Мындай чара саясий партияларга "депутаттык мандаттын бөлүнүшү жеткиликтүү болушу үчүн" кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлануунун босого чеги жетиден беш пайызга төмөндөтүлдү.
Бул боюнча мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.
Мындай чара саясий партияларга "депутаттык мандаттын бөлүнүшү жеткиликтүү болушу үчүн" кабыл алынган. Буга чейин жергиликтүү кеңештер административдик-аймактык реформанын алкагында таратылары белгилүү болгон.
Кыргызстанда күзүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтөт.
Аймактык-административдик реформанын алкагында жергиликтүү кеңештер таркатылат