Өлкөдө акыркы күндөрү тамактан жапырт ууланган эки учур катталды

Дарыгер кафе, ресторандардагы той-аштан кийин үйгө тамак-аш сала кетүү кооптуу экенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы күндөрү тамактан жапырт ууланган эки учур катталды. Бул туурасында Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашты.
Бишкек жана Талас облусунда 13 адам, булардын ичинен бир бала ресторандан келген тамак-аштан ууланган. Алардын бешөө үйлөнүү тоюнан, сегизи банкеттен келген кешикти жешкен. Ресторандын ээсине 18 000 сом айып салынып, бул жайдын иши токтотулган.
Экинчи окуя Ош шаарында болуп, 10 адам, анын ичинен үч бала "Бексултан" чакан базарындагы дүкөндөрдө сатылган таттуу токочтон ууланган. Санэпидемдин маалыматына караганда, аталган азык үй шартында даярдалган жана санитардык эрежелер сакталган эмес. Алардын да иши токтотулуп, 17 000 сом айып салынган. Аталган продукция лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлгөн.
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Назгүл Абамуслимова азыркы күн ысык учурда, дегеле той-аштан кийин тамак-ашты үйгө алып кетүүдөн баш тартуу коопсузураак болорун эскертти.
Ичеги инфекцияларын толук дарылабай коюунун кесепеттери айтылды