БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Суу – организмдеги терморегуляция процессинде жана аны азыктандыруучу заттардын сиңиши үчүн маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан спорт менен машыгуу учурунда суюктукту жетиштүү ичүү зарылдыгын диетолог Александра Разаренова Sputnik радиосундагы маегинде айткан.
Адис спорттук машыгууларда суу жана электролиттин балансын сактоо зарыл деп белгилеген.
"Суу ичүү менен адам организмдин, дененин кургап кетүүсүн алдын алат, киши активдүү кыймылдап жатканда суунун жетишсиздиги ага терс таасир берип, абалын начарлатат. Адам алсырап, оюн бир жерге кое албай, катуу ысып чыгат", – деген Разаренова.
Дарыгер сууну канча көлөмдө ичүү керек деген суроого ар кимдин организминин талаптары жеке караларын белгилеген.
"Суунун балансы сакталышы үчүн машыгуу учурунда аз-аздан жутуп туруу керек. Эгерде машыгуу 60 мүнөттөн ашыкка созулса же абанын температурасы жогору болгон шартта жасалса курамында электролиттери бар атайын спорттук суусундуктарды ичүү сунушталат, ал организмден чыккан минералдардын ордун толуктоо үчүн пайдалуу. Ар бир организм ар түрдүү, андыктан машыгып жаткан адам өзүнүн абалына, канча суу ичкиси келерине байкоо жүргүзүп турушу керек. Мындан тышкары, спорт менен машыккандар азыктануу боюнча адистердин кеңешин алышы керек", – деген диетолог.