Баткендиктер үч балалуу жалгыз бой аялга үй салып беришти

Үй курууга жергиликтүү ишкерлер, тургундар акча чогултканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Баткен районунун Чоң-Талаа айылында үч балалуу жалгыз бой Күмүшай Назаровага элдин салымы менен үй курулду. Бул тууралуу облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
1 / 3

Баткен районунун Чоң-Талаа айылында үч балалуу жалгыз бой Күмүшай Назаровага элдин салымы менен үй курулду

2 / 3

Маалыматка ылайык, демилгени кайрымдуулук фонддордун бири көтөрүп, үй бир жарым айда ашар жолу менен салынган

3 / 3

Ал үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтү 12 сотых жер тилке берген

Маалыматка ылайык, демилгени кайрымдуулук фонддордун бири көтөрүп, үй бир жарым айда ашар жолу менен салынган. Ал үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтү 12 сотых жер тилке берген.
"Үч бөлмөлүү бардык шарты менен курулган үйдү ээсине тапшыруу аземине Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана мекеме жетекчилери катышып, Күмүшай Назаровага акчалай белек беришти", — деп айтылат маалыматта.
Аял жолдошу кайтыш болгондон кийин ден соолугу начарлап, үч баласы менен тамы жок кыйналып жүргөнү айтылды. Аларга үй курууга жергиликтүү ишкерлер, тургундар акча чогултканы кошумчаланды.
Баткенде экологиялык таза килем даярдаган ишкана ачылат