Жылуулук менен камсыздоочу "Бишкексельмашты" түрк компаниясы курат

"Бишкексельмаш" ЖЭБинин жылуулук кубаттуулугу 240 жана электр кубаттуулугу 100 мегаватт болору белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жылуулук менен камсыздоочу"Бишкексельмаш" объектисин түркиялык компания куруп, тейлейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү инвестициялык келишимге мэр Айбек Жунушалиев кол койгон.
"Жылуулук кубаттуулугу 240 жана электр кубаттуулугу 100 мегаватт болгон борбордун курулушуна 50 пайыз жергиликтүү тургундардан тартылат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле түрк компаниясы аны куруп, эксплуатациялай турганы да белгиленген.
Эске салсак, буга чейин "Бишкексельмаштын" аймагындагы от казандын ордуна кичи ЖЭБ курулары, ага 147 миллион доллар керектелери айтылган.
Радио
Садыров: Бишкек ТЭЦине керектүү шаймандар Россиядан табылды