3-августка карата аба ырайы

3-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. 3-август, ишембиде, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32...+37, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абадда +34...+39, Баткен облусунда +33...+38, Ысык-Көлдө +25...+30, ал эми Нарын жергесинде +28...+33 градус болот.
Борбор калаада термометр +35...+37, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +27...+29 градусту көрсөтөт.
Айылдагы бир күн. Жүрөккө жылуулук тартуулаган видео