Пресс-борбор

ИИМ: быйыл алты ала качуу фактысы катталды

Адис ала качуу мамлекеттик айыптоо боюнча оор кылмыш катары квалификацияланганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Жылдын биринчи жарымында өлкөдө алты кызды ала качышкан. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү Элиза Шалбаева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Ички иштер министрлиги аялдарды өлтүрүү жана никеге мажбурлоо тууралуу" аттуу брифингге катышты.
ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү Элиза Шалбаева

"Биздеги маалымат боюнча, бул жылдын алты айында ала качкан алты факты катталган. Ал эми 2023-жылы 14, 2022-жылы 36 учур аныкталган. Быйылкы жылы уруп-сабоо, өлүмгө учураган же жашы жете электерге байланыштуу уурдай качкан фактылар катталган жок", — деди Шалбаева.

Быйыл беш кылмыш иши (башкача айтканда 90 пайызы) сотко жөнөтүлүп, күнөөлүүлөр жазасын алышкан.
Элиза Шалбаева 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстер күчүнө кирип, ала качуу мамлекеттик айыптоо боюнча оор кылмыш катары квалификацияланганын эске салды.
Бул фактылар боюнча иш жабырлануучу тараптын арызысыз козголуп, тараптар жарашса дагы күнөөлүү жоопкерчиликтен бошотулбайт. Кылмыш иши токтотулбастан сотко жөнөтүлөт.
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова белгилегендей, калк арасында өзгөчө мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
ИИМ ала качуу кылмыш экенин эскерткен видеоролик жарыялады