Россия ТИМи ХАМАС башчыларынын бири Ханиянын өлтүрүлүшү боюнча үн катты

Тегерандагы мамлекеттик резиденцияны Израиль аткылап, ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания өлгөнү маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Москва ХАМАС кыймылынын лидерлеринин бири Исмаил Ханиянын көз жумушун саясий себептен жасалган өлтүрүү деп эсептейт. Бул тууралуу Россия ТИМ башчысынын орун басары Михаил Богданов билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, бул акылга сыйгыс нерсе жана региондогу каршылашууну, чыңалууну күчөтөт.
"Мунун баары өтө жаман, акылга сыйбай турган, саясий себептен улам өлтүрүү жана бул региондогу тирешүүнү мындан дагы күчөтөт", — деди Богданов.
Ошондой эле ал окуя Дохадагы сүйлөшүүлөргө терс таасирин тийгизерин белгиледи.
Буга чейин ХАМАС кыймылы Израилдин Тегерандагы резиденцияга жасаган соккудан кыймылдын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания өлгөнүн кабарлаган.
Израиль армиясы Бейрутка чабуул койду