Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлдү. Дүйнө коомчулугу кандай реакция кылууда

Бир катар басылмалар Хания ракета келип түшкөндө түндө саат 2:00 ченде курман болгонун жазууда.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Палестинадагы ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны Тегеран шаарына Иран президентинин инаугурациясына барганда абадан чабуул жасап, өлтүрүштү.
Алгачкы кабар таңда тарады. Mehr агенттиги ал Тегеранда "өз милдетинен улам" көз жумганын жазды.
ЖМКлар Хания Тегеранга бир күн мурда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына баргандыгын жазышты (сүрөт ошол жактан тартылган).
Иран бийлиги чабуул Ханиянын резиденциясына жасалгандыгын, аны менен кошо бир жан сакчысы каза тапканын билдирди;
Израиль армиясынын өкүлдөрү ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы өлтүрүлгөнү боюнча "ЖМКлардын билдирүүлөрүнө реакция кылбастыгын" айтышты;
Араб басылмалары Хания ракета келип түшкөндө болжол менен саат 2:00гө чукул (Тегеран убактысы) курман болгонун жазып жатат;
Таң эрте Ирандын лидери Али Хаменеинин резиденциясына Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин чукул жыйына чогулушту. Эмне чечим кабыл алынганы азырынча кабарлана элек;
ХАМАС бул суу жүрөктүк акт болгонун, эми ал жоопсуз калбастыгын айтты;
Москва Ханиянын көз жумушун саясий https://sputnik.kg/20240731/izrail-khamas-rossiya-timi-1087485696.html себептен жасалган өлтүрүү деп эсептеп, бул акылга сыйгыс нерсе жана региондогу каршылашууну, чыңалууну күчөтөрүн билдирди;
Түркия эл аралык коомчулукту жаңжал өрчүп кете электе Израилдин тизгинин тартууга чакырды.
АКШнын Коргонуу министрлигинен бул окуя боюнча эч нерсе дебестигин айтышкан.
Газадагы чабуулда ХАМАС лидеринин уулдары жана неберелери каза тапты