РФ ТИМи: Финляндиядагы машыгуулар — НАТОнун чагымы

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Россиянын чек арасына жакын жерде өтүп жаткан Финляндиядагы машыгуулар — НАТОнун Москваны тушоо үчүн жасаган чагымчыл аракети. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлүнүн орун басары Андрей Настасьин билдиргенин РИА Новости жазды.
"21-26-июлдагы Россиянын мамлекеттик чек арасына жакын аймакта 1 700 аскер катышкан жана 300гө чукул техника пайдаланылган финляндиялык маневрларды НАТОнун Россияны ооздуктоо максатындагы чагымчылык менен жасаган кадамы катары карайбыз. Мындан сырткары, Финляндиянын Түндүк Атлантикага интеграцияланышын тездетүүнүн алкагындагы иштери деп да эсептейбиз", — деген ал брифингде.
ТИМ: НАТО РФ менен чектешкен өлкөлөрдө киберлабораторияларды түзүүдө