Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди өзгөртүүсүз калтырды. Себеби

Апрель айынан тарта чет өлкө валютасынын суроо-талапка караганда сунуштоо көлөмү жогору болгондуктан сом бекемделгени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Улуттук банктын башкаруучулугу эсептик ченди тогуз пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Бул туурулуу Башкы банктан билдиришти.
Кечээ кабыл алынган чечим бүгүн, 30-июлда, күчүнө кирет.
"Азык-түлүк товарларынын баасынын өсүшүнүн басаңдашы жана баа динамикасынын сезондук факторунун таасири астында Кыргызстанда инфляция орточо деңгээлде сакталып турат", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк өлкөдө банк секторунун абалы туруктуу жана жогору ликвиддүү бойдон калганын белгиледи.
"Улуттук банк пайыз саясатын жеңилдетишинин натыйжасында, 2024-жылдын апрель айынын акырынан тартып банктар аралык акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер төмөндөгөндүгү байкалды. Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат. Ал эми апрель айынан тарта чет өлкө валютасынын суроо-талапка караганда сунуштоо көлөмү жогору болгондуктан сом бекемделди", — деди башкы банк.
Улуттук банк башкаруучулугунун эсептик чен-өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2024-жылдын 26-августунда өтөт.
Улуттук банк "Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын чыгарат. Сүрөт