Бакыт Төрөбаев Ирандын президентинин ант берүү аземине катышты. Сүрөт

Иранга жумушчу сапар менен барган Төрөбаев Ирандын президенти менен жолугуп, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы алаканы талкуулады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Мининстрлер кабинетинин төрагасынын орун басары , суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиандын ант берүү аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 3

Мининстрлер кабинетинин төрагасынын орун басары , суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиандын ант берүү аземине катышты

2 / 3

Ал Пезешкианга мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жана өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун куттуктоосун жеткирген

3 / 3

Иш сапардын алкагында Төрөбаев Ирандын президенти Пезешкиан менен жолугуп, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы алаканы талкуулаган

Ал Пезешкианга мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жана өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун куттуктоосун жеткирген.
"Тегеран шаарындагы ант берүү аземине бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары келген. Анын ичинде Тажикстандын президенти, Армениянын премьер-министри, Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын спикерлери, Түркмөнстандын өкмөт башчысынын төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары бар", — деп жазылган маалыматта.
Иш сапардын алкагында Төрөбаев Ирандын президенти Пезешкиан менен жолугуп, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы алаканы талкуулаган.
Ирандагы президенттик шайлоодо реформачыл Пезешкиан жеңишке жетти