Бир кылым мурдагы советтик кыргызстандыктар. Сейрек сүрөттөр

Мамлекеттик борбордук архивде уникалдуу сүрөттөр бар. Алардан жүз жыл мурда ата-бабаларыбыз кандай жашаганын көрсөк болот. Тилекке каршы, бул ирмемдерди ошол кезде кимдер тартып алганы белгисиз.
Sputnik
Sputnik 1920–1930-жылдарда тартылып калган тарыхый, сейрек сүрөттөрдү жарыялоону улантат.
1 / 14

Абдылда Исабаев 1923-жылы комсомолгө өткөн, жергиликтүү калктын арасында сабатсыздыкты жоюуга жан дили менен катышкан. Барскоон волостунун (болуштугунун) аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары 1930-жылы Башкы саясий башкармалыктын (ГПУ) катарына өткөн. Кыргызстандын түштүк аймактарында басмачыларга каршы күрөшкөн. 1920-жылдар

2 / 14

Кыргыз Автоном облусунун (КАО) кыз-келиндер жумушчуларынын экинчи жыйыны. Пишпек, 1925-жыл.

3 / 14

Эмгек жана жаз майрамына карата уюштурулган иш-чара. Айылдагы клубдун ачылышында туу тапшырылган. Каракол округунун Күрмөнтү волостунун Талды-Суу кыштагы. 1925-жыл, 1-май.

4 / 14

Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин III сессиясынын XII чакырылышынын Кыргыз Автоном облусунун (КАО) ордуна Кыргыз Автономиялык Республикасын (КАССР) түзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү. Алар: Кыргыз Автоном облусундагы Коммунисттер партиясынын комитетинин жооптуу катчысы (1-катарда сол жактан экинчи) Жайнак Саадаев, КАО аткаруу комитетинин төрагасы (1-катарда сол жактан үчүнчү) Абдыкадыр Орозбеков, КАО аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары ( 2-катарда оң жактан төртүнчү) Жусуп Абдрахманов, Москвада Кыргызстандын өкүлү ( 2-катарда оң жактан үчүнчү) Турдалы Токбаев. Москва, 1926-жыл.

5 / 14

Коноктор келген учур. Рыбачье шаары (азыркы Балыкчы), 1929-жыл.

6 / 14

Наабайкана. Рыбачье шаары (азыркы Балыкчы), 1929-жыл.

7 / 14

Кыргыздар жайлоодон түшүп конокко келишкен учурду фотограф тартып алган. Ысык-Көл аймагы Теплоключенка (азыркы Ак-Суу) айылы, 1929-жыл.

8 / 14

Шаардык үй-бүлө, фрунзеликтер табиятка чыгып эс алууда. 1928-жыл

9 / 14

Базарга бара жаткан кыргыздар. Фрунзе, 1928-жыл.

10 / 14

Кызыл армиянын саясий жетекчилеринин кайра даярдоо курсунун угуучусу, кыргызстандык командир (3-катарда сол жактан биринчи) Орозалы Саралинов. Беларусь аскер округу, 1928-жыл.

11 / 14

Үч манаптын базарда жолуккан учуру. Каракол шаары, 1932-жыл.

12 / 14

Көпөстөр базарда соодасын жүргүзүүдө. Каракол шаары, 1934-жыл.

13 / 14

Уйгурлардын тайпасы. Каракол шаары, 1934-жыл.

14 / 14

Койду баштаган серке. Тянь-Шань аймагы, 1934-жыл

Тема боюнча:
Эл эсинде жаш бойдон калган Таттыбүбү... Актриса бүгүн 80ге чыкмак
Кара-Кыргыз автоном облусу. Кылымдардан соң калыбына келген кыргыз мамлекети
Тышкы иштер министрлигине 80 жыл. Кыргыз дипломатиясынын түптөлүшү сүрөттө