Кыргызстандык кыз Москвадагы метродон адамды өлүмдөн сактап калды. Видео

Алия Өзбекова поезд жакындап калганда рельске кулап түшкөн кишини көрүп, жардамга умтулган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстандык Алия Өзбекова Москвада метронун рельсине кулап түшкөн кишини куткарып калды.
Окуя 27-июлда болгон. Аял поезд жакындап калганда рельске кулап түшкөн кишини көрүп, жардамга умтулган.
"Мен "поезд келе жатат, жардам бергиле!" деп кыйкырдым. Аны араң алып чыктык", — деген ал.
Бул кыргызстандыктардын метродон адамды өлүмдөн алып калган биринчи окуя эмес. 2016-жылы февралда Марат Исаев жана полиция кызматкери эси ооп рельске кулаган аялды куткарышкан. Бул эрдиги үчүн эки өлкөнүн президенттери аны сыйлаган.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Путин "Крокустагы" терактыда элди сактап калган Ислам Халиловго медаль берди