Аймактардан келген айдоочулар автоунаасы менен шаарга кирбеши үчүн стимул берилет

Айдоочулар унааларын токтотуп койгону үчүн бонус берилип, аны автобуска жол кире катары колдонсо болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Аймактардан келген айдоочулар автоунаасы менен шаарга кирбеши үчүн стимул берилет. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди.
Ага журналист мэриянын тыгын менен күрөшүүнүн алкагында Бишкекке башка аймактардан келген унаалардан төлөм алуу демилгеси тууралуу суроо узаткан.
"Ооба, бул дагы биздин демилгелерибиздин бири. Ал акча жыйноого гана багытталган эмес, негизги максат — унаа тыгыны көйгөйүн чечүү. Биз азыр автобекеттерди шаар четине чыгарууну пландап жатабыз, ал жакта атайын унаа токтоочу жайлар болот. Башка шаарлардан жана аймактардан келген айдоочулар унааларын токтотуп коюп, бара турган жерине коомдук транспорт менен жетип алат. Ошондой эле айдоочу унаасын токтоткону үчүн алган бонусун жол кире катары колдонуу системасын да иштеп чыгуудабыз. Муну менен биз аларды автобекетке чейин келип, андан ары автобус менен жүрүүсүнө түрткү берген болобуз", — деди Жунушалиев.
Мэр бул чара шаардын экологиясына да оң таасирин тийгизерин кошумчалады.
Жаңы "Ош" базары менен Батыш автобекети көчүрүлө турган жердин видеосу