ЖМКлар Израиль Ливандын 15 калктуу аймагына сокку урганын жазышууда

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ишемби күнү Голан бийиктигине жасалган соккулар жоопсуз калбай турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Израиль аскерлери Ливандын чыгышындагы жана түштүгүндөгү 15 калктуу конушка артиллериялык сокку урду. Бул тууралуу "Аль-Манар" телеканалына шилетеме кылып РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Ливандын Тария, Хиям, Кфар-Кила, Мейс-эль-Жебаль, Маркаба, Бурж-эш-Шамали, Аль-Аббасия, Тайр, Харфа, Ан-Накура, Шихин шаарлары жана башка калктуу аймактары чабуулга туш болгон.
Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ишемби күнү Голан бийиктигине жасалган соккулар жоопсуз калбай турганын билдирген. Ал бул үчүн шииттик Хезболлах кыймылы жооп берерин айткан. Кийинчерээк Ynet порталы жогорку даражалуу аткаминерге шилтеме жасап, Израиль Ливанда согуштук аракеттерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүшү мүмкүн экенин билдирди.
Эске салсак, ишембиде Голан бийиктигиндеги Маждаль-Шамс шаарына жасалга ракеталык соккудан 12 адам каза болуп, 19у жаракат алган. Алар жоопкерчиликти Ливанга жана "Хезболла" кыймылына жүктөөдө. Бирок беркилер ракеталык сокку жасабаганын айтышууда.
Ал арада БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш сокку урууну сынга алып, тараптарды абалдын чыңалышына жеткирбөөгө чакырды.
Голан бийиктиги деп аталган стратегиялык аймак Сирияга таандык болчу. 1967-жылдагы жана 1973-жылдагы араб-израиль согуштарынан кийин Израиль анын үчтөн эки бөлүгүнө ээлик кылып калган. Еврей өлкөсү бир тараптуу аталган аймактын суверендүүлүгүн жарыялаган, бирок аны БУУнун Коопсуздук кеңеши тааныган эмес. 2019-жылы ошол кездеги АКШнын президенти Дональд Трамп басып алынган Голан бийиктигин Израилдин аймагы катары тааныган.
Израилдин авиациясы "Хезболланын" Ливандагы объектилерине сокку урду