Эрдоган: Түркия Израилге кириши мүмкүн

Анкара Тель-Авивдин Газа тилкесиндеги аракеттерин башынан эле айыптап, аны палестиналык жарандарды кыргынга учуратканын айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Түркия бир убакта Ливия менен Тоолуу Карабахка кандай кирсе, Израилге да ошондой кириши мүмкүн. Бул тууралуу Режеп Тайип Эрдоган башкаруучу партиянын Ризе провинциясындагы бөлүмүнүн жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Түркиянын коргонуу өнөр жайынын жетишкендиктерин белгилеп, бирок эгер алар мындан да кубаттуу болсо Израиль "Палестинага азыр жасаган ишин кылмак эмес" деди.
"Биз күчтүү болушубуз керек. Карабахка, Ливияга киргендей эле, аларга да (Израилге) киребиз. Биз жасай албаган эч нерсе жок", — деди Түркиянын президенти.
Израилдин ТИМ башчысы буга жооп кайтарып, Эрдоганды Ирактын өлүм жазасына тартылган лидери Саддам Хусейнге салыштырды.
"Эрдоган Саддам Хусейндин жолун жолдоп, Израилге кол салам деп коркутууда. Ал Иракта эмне болгонун, эмне менен аяктаганын эстеп койсун", — деди ал.
Анкара Тель-Авивдин Газа тилкесиндеги аракеттерин башынан эле айыптап, аны палестиналык жарандарды кыргынга учуратканын айтып келет. Ал бир нече жолу атышууну токтотууга чакырып, ошондой эле Израилге кысым көрсөткөн. Тактап айтканда, май айынын башында Түркиянын Соода министрлиги Израиль менен соодасын толук токтоткондугун билдирген. Буга чейин Анкара товарлардын 54 чакан тобунун экспортун чектеген, бирок Израилдин аскерлери Газадагы согушту уланткан.
ЖМКлар Израиль Ливандын 15 калктуу аймагына сокку урганын жазышууда