Британия биринчи ирет ондуктан чыгып, Россияга орун бошотууга аргасыз болду

Биринчи орунга Кытай, экинчиге АКШ чыкса, үчилтикти Япония жыйынтыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Улуу Британия биринчи ирет өндүрүш боюнча тандалма ондуктан чыгып калып, Россия жана башка мамлекеттерге орун бошотууга аргасыз болду. Бул туурасында РИА Новости The Times басылмасына шилтеме кылып жазды.

"Улуу Британия дүйнөлүк экономиканын "чектерин кайра чийүүдө" биринчи жолу өнөр жай өндүрүшү боюнча алдыңкы, мыкты 10 өлкөнүн катарына кирбей калды. Мексика менен Россиядан ылдый туруп калды", — деп айтылган британиялык өндүрүшчүлөрдүн башын бириктирип иш алып барган Make UK уюму берген маалыматта.

2022-жылдагы статистикалык маалыматтарга таянсак, аталган өлкө ири өнөр жай боюнча 12-орунга төмөндөгөн, бул аны мурдагы жылга салыштырганда төрт позицияга ылдыйлаткан. Ал эми Россия, тескерисинче, коргонуу өндүрүшүнүн өсүшүнөн улам рейтингде сегиз тепкичке чейин көтөрүлгөн.
Биринчи орунду Кытай, экинчи орунду АКШ, үчүнчү орунду Япония ээлеген.
Мындай көрүнүштөн улам Make UK Британия бийлигин экономиканын өндүрүш секторун колдоо үчүн "узак мөөнөттүү өнөр жай стратегиясын" иштеп чыгууга чакырган.
ЖМК: Британия быйыл G7 өлкөлөрүнүн ичинен эң катаал рецессияга тушугат