40 градуска чейин ысыйт. Кыргызстан боюнча 3-августка чейинки аба ырайы

Күндүн ысыганына жана айрым аймактарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 3-августка чейинки аба ырайы тууралуу маалыматты жарыялады.
Анда 28-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 35…40, Таласта 33…38 градуска чейин күн ысый турганы айтылган. Мындан улам жана айрым аймактарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 29-июлга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Чүй, Талас аймактары

Апта ичинде эки облуста күн ачык болот. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Республиканын түштүгүндө апта бою жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда гана мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 3-августта шамал батыштан согуп 4-9 метрге чыгат.

Ысык-Көл, Нарын дубандары

Бул эки облуста тең 31-июлда айрым жерлерде күн себелеп, өткүн өтүп күн күркүрөйт. Бул көрүнүш тоолуу аймактарда башка күндөрү дагы кайталанышы ыктымал. Шамал түштүк-батыштан согуп, кээ бир күндөрү 15-20 метрге чейин жетсе, 3-августта багыты өзгөрүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ысыктан кантип сактанабыз? Министрлик кыргызстандыктарга кеңеш берди