Теракт уюштурмак. УКМК эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармады

Аталган факт боюнча УКМК өнөктөш кызматтар менен террористтик топтун башка катышуучуларына карата тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн биринде теракт уюштурууга даярданып жүргөн деп Кыргызстандын Н.Р. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, кармалган адам эл аралык террордук уюмдун мүчөсү.
"Анын Telegram мессенжеринде жашыруун аккаунттары бар. Алар аркылуу жасаган бардык аракеттери террордук уюмдардын биринин эмиссарлары тарабынан координацияланганы аныкталды. Н.Р. эл аралык террордук уюмдун жетекчисине ант берген. Аталган факт боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында УКМК өнөктөш кызматтар менен террористтик топтун башка катышуучуларына карата тергөө амалдарын жүргүзүүдө", – деп айтылат маалыматта.
Шектүү тергөө абагына киргизилген.
УКМК террордук идеологияны жайылткан радикалдык топтун ишин токтотту